Нуржигит Кеңешбек уулу Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

357

Тайландда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш медаль тагынды.

67 килограммга чейинки салмакта беттешкен балбан финалда ирандык Бахрам Тайяр Маруфхани Имчех менен күч сынашып, 6:0 эсебинде жеңилип калды.

Нуржигит Кеңешбек уулу мелдештин чейрек финалында корей спортчу Минсьонг Паркты 11:2 эсебинде утуп, жарым финалда өзбекстандын балбаны Умиджон Ахроровду 4:3 эсебинде уткан.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь