Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер менен жолугушат (сүрөт)

181

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-июлда, Швейцариянын Президенти Ули Маурердин чакыруусунда расмий визит менен Швейцария Конфедерациясына барды.

Расмий визиттин жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Швейцариянын Президенти Ули Маурер, Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Экономика, финансы, туризм, региондорду таза суу менен камсыз кылуу жана башка чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүп жатат.

Мамлекет башчысы Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь