Токтогазиев Швейцария менен кандай келишим түздү?

93
Швейцариянын Нестле компаниясы Кыргызстандан айыл-чарба азыктарын сатып алууга даяр. Бул тууралуу жеке ишкер Тилек Токтогазиев өзүнүн социалдык түйундөгү баракчасына жазды.
Тилек Токтогазиев Швейцарияда аталган компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын айтымында, ишкана Кыргызстандын жемиштери даамдуу болоорун белгилешкен.
«Эми биз жемиштер, мөмөлөрдү жана жаңгакты көрсөтүлгөн көлөмдө сатууга келиштик. Алар биздин азыктарды кайра иштетилген түрдө сатып алууга даяр», — деди ал.
Токтогазиев Европага экспортко кызыккан фермерлерди Кыргызстандын агрардык ассоциасынын жана өндүрүшчүлөрүнүн Альянсына кошулууга чакырды.
Белгилей кетсек, Тилек Токтогазиев өзүн айыл-чарба министрлигин жетектөөгө сунуштаган. Бирок, премьер-министр ишкерди жаш жана тажрыйбасы жетишсиз деп тапкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь