Түркия: Кыргыз баланын сөөгүн мекенине жеткирүүгө өзү иштеген компания көмөктөшөт

93

Түркияда киши колдуу каза болгон кыргызстандык баланын сөөгүн Кыргызстандын Стамбулдагы башкы элчилиги тарабынан «Анталья-Стамбул-Бишкек» багыты боюнча алып келүү каралып жатат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Сөөктү Стамбулдан Бишкекке акысыз жеткирүү үчүн «Пегасус Азия» авиакомпаниясы менен макулдашылды. Ал эми сөөктү Антальядан Стамбулга алып келүү, андан тышкары кызматтарды төлөө маркум эмгектенген ишкана тарабынан каржыланат.

Кыргызстандын Стамбулдагы элчилиги Антальядагы кыргыз диаспорасы менен биргеликте маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө бардык жардамдарды көрсөтөрүн, бул маселе туруктуу көзөмөл астында болорун айтышты.

Эскертке кетсек, 7-июль күнү эртең менен Түркиянын Аланья шаарында 23 жаштагы кыргызстандык жаран бир киши менен сөз талашып, ортодогу чырдан улам ага ок атылган. Күбөлөр тез жардам чакырышкан. Бирок тез жардам келгенче жабыр тарткан кыргызстандык жаран жан берген. Кыргызстандык жигиттин өлүмү боюнча эки киши камакка алынгандыгы кабарланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь