Швейцарияда Кыргызстандын гимни жаңырып, эки өлкө президенттеринин расмий жолугушуу аземи болду (видео,сүрөт)

929

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-июлда бир күндүк расмий визит менен Швейцария Конфедерациясында болду. Визит Берн шаарындагы «Лон Манор» резиденциясында Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Президенти Ули Маурер менен расмий жолугушуу аземинен башталды.

Резиденцияда Кыргызстандын жана Швейцариянын мамлекеттик желектери көтөрүлүп, Ардактуу кароол тизилген. Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Сооронбай Жээнбеков жана Ули Маурер Ардактуу кароолду кыдырышты жана расмий делегация мүчөлөрүн тааныштырышты.

Андан соң мамлекеттер башчылары тар курамда сүйлөшүүлөргө бет алышты, жолугушуу кеңейтилген курамда дагы уланат. Визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Федералдык жыйынынын Улуттук кеңешинин Төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банкынын Төрагасы Томас Йордан менен жолугушат.

Мамлекет башчысы ошондой эле Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугат, ага Кыргызстандан барган ишкерлер катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жана Швейцария Президенти Ули Маурердин расмий жолугушуу аземи болдуСостоялась церемония официальной встречи Президента Сооронбая Жээнбекова и Президента Швейцарии Ули Маурера

Опубликовано Ulan Satiev Среда, 10 июля 2019 г.

 

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь