Ысык-Көл районунун Бает айылынын 37 жана 59 жаштагы эки тургуну аракка ууланып каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматтарга караганда, оку 6-июлди болгон. Анда эки адам чогуу отуруп спирт ичимдигин ичип, үйлөрүнө кеткен. Эртең менен ойгонбой калган.
Маркумдар жерге берилди, алардын биринин туугандары медициналык экспертизадан баш тартышкан. Ал эми экинчи адамдын үй-бүлөсү сөөктү экспертизага берген. Баштапкы маалыматтарга ылайык, бул эки жаран алкоголдук интоксикациядан улам ууланып каза тапкан.