Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүрүүгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирнов расмий издөөгө алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка карагнад, Смирнов тууралуу маалымат, фотороботу Кыргыз жана Казак чек ара органдарына таратылды.
“Аталган кылмышка шектүү чет жакка чыгып кетүүгө аракет кылышы мүмкүн. Ал аймакты жакшы билет”, – дейт маалымат кызматы.
Эске салсак, 4-июлда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы Сергей Смирнов Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан “Хан-Теңири” лагеринин директорунун орун басарын жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Ошондой эле, дагы бир кызматкер Л.И.ни барымтага алып, кийин коё берген.