Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу жактоочусу айрым маалымат булактарына Сергей Слесарев билдирген. :
“Мен азыр ИИМге кайрадан кат даярдап жатам. Алар кол тийбестиги бар кишини суракка чакыруу менен алар кайрадан мыйзамды бузуп жатышат. Дагы бир жолу кошумча нормативдик актылар аркылуу биздики туура экенин түшүндүрүп кат жөнөтөм”- деген жакточу.