Алмазбек Атамбаев экинчи ирет суракка чакырылды

261

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге экинчи ирет Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды.

Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө алып барып, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун колуна тапшырышты.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11-июлда саат 10.00гө күбө катары суракка чакырылган.

Белгилей кетсек Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча күбө катары Атамбаев 2-ирет чакырылып жатат.

Эске салсак Алмазбек Атамбаев буга чейин Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылган. Бирок ал суракка барбай тургандыгын айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь