Бишкекте дайынсыз жоголгон бала базардан табылды

75

«Келечек» конушунда жоголгон 5 жашар бала «Дордой» базарынан табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя кечээ болжол менен саат 15:00дө катталып, Свердлов райондук милициясына «Келечек» конушунда 5 жаштагы  А.Э. аттуу бала үйүнөн чыгып, кайра кайтып  келген жок деген маалымат түшкөн.

Издөөгө киришкен милиция кызматкерлери баланы «Дордой» базарынын аймагынан табышып, ата-энесине тапшырышкан

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь