Ислам Каримовдун  Гүлнара Каримовага абактан эле туугандарына жолугуу үчүн үч күн убакыт берилди. Бул туурасында коңшу өлкөнүн маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматтарга таянсак, Каримованын кайсы туугандары менен жолуккандыгы азырынча белгисиз.

“Эркинен ажыратылгандардын жакындары менен кездешүү укугун камсыздоо максатында Каримовага туугандары менен узак мөөнөткө жолугуу мүмкүнчүлүгү берилген. Тагыраагы, ал 7-10-июль — үч күн аралыгында үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге болду”, — деп жазылган маалыматта.

Ал эми юстиция министрлигинин кабарында Каримовага туугандарына түрмөдө жолугуу үчүн атайын жай бөлүп берилген.

“Каримованын үй-бүлө мүчөлөрү менен жолугуп жаткан учурунда абакта медициналык тейлөөнүн тиешелүү болбой жана ага басым жасалып жатканы туурасында арыздануулар айтылган жок”, — деп кошумчалашкан министрликтен.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: