Жашыруун сойкулук жана эротикалык массаж кызматы аныкталды

345

ИИМдин КМКнын Ош шаарындагы Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам
кызматкерлери сойкулук менен алектенүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу,
кармоо фактысын аныкташты.

Жакында, Ош шаарындагы кичирайондордун биринде укалоо салонунун аты
менен сойкулук менен алектенген көмүскө жай иштеп жаткандыгы жөнүндө
маалымат келип түшкөн. Жергиликтүү тургундар арыз менен ички иштер
органдарына кайрылып, күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү
суранышкан.

Арызда, элиталык үйлөрдүн биринде белгисиз адамдар сойкулук
менен алектенүү жана акыга интим кызматын көрсөтүү үчүн көмүскө жай
уюштурушкан. Милиция бир нече жолу текшерип, топтолгон материалдарды
КЖБРге катташкан. ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) тарабынан Кыргыз
Республикасынын Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү (Сойкулукка
жана ыпластыкка көмөктөшүү) боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.
Ушул жылдын июнь айынын аягында тергөөнүн тапшырмасы менен КМКнын
Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Тергөө кызматынын
тергөөчүлөрү менен биргеликте жогоруда көрсөтүлгөн дарекке ыкчам-тергөө
иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Аталган салондо бир нече кыздар бар болуп чыгып, анда укалоонун, анын ичинде эротикалык укалоонун бир нече түрүн сунуштап келишкен. Бирок, мекемеде бир дагы укалоо столу болгон эмес.  КМКнын ААБнын алдын ала болжолдуу маалыматы боюнча, салон делип, бирок интимдик кызмат көрсөткөн көмүскө жайды иштетип келишкен.

Кардарларга экзотикалык укалоо кызматтарын көрсөтүү учурунда бир нече жумушчулар кармалышкан. Кармалган төрт аял тергөө органдарына жеткирилип, алардын көбү башка аймактардан келгендиги маалым болгон. Кармалган жарандардын
бири укалоо салонунун аты менен сойкулук менен алектенүүнү үчүн көмүскө
жайды уюштурууга шектелүүдө.

Учурда жогорудагы факты боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь