Зеленский жыйындар залынан аткаминерди кубалап чыкты

95

Украинанын президенти  Владимир Зеленский Борисполь шаарында өтүп жаткан жыйында шаардык кеңештин катчысы Ярослав Годунокту залдан чыгып кетүүсүн талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, жыйында борбордоштурулган оорукана боюнча маселе талкууланып жаткан. Анда сөз сүйлөп жаткан секретардын сөзүн Ярослав Годунок бөлгөн. Мындан улам президент андан телефонго видео тартуусун токтотуп, трибунага чыгуусун суранган.

Бир аз убакыт өткөн соң Зеленский Годуноктон мурда “каракчылык” менен соттолгону боюнча суроо салган. Годунок маалымат туура экенин айтканды, Зеленский анын залдан чыгып кетүүсүн айткан.

“Чык эшикке” деп бир нече ирет кайталаган. Мени жакшы укпай жатасыңбы? Мындан кийин райондук администрацияда кыйкыра бериңиз!”,- деген.

Ал эми Годунок бул учурда  президентке бир канча сөздөрдү айтууга жетишкен.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь