ИИМ: Жалал-Абад облусунда 3 тонна кара куурайлар жок кылынды

122

Жалал-Абад облусунда 3 тоннага жакын кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, республикалык масштабда өткөрүлүп жаткан эл аралык баңгизатка каршы “Желе” иш-чарасынын алкагында, Тогуз-Торо жана Аксы РИИБинин кызматкерлери тарабынан жапайы кара куурайлар жок кылынууда.

“Иш-чараны жүзөөгө ашыруу максатында Тогуз-Торо районунун аймагында жапайы өскөн жалпы – 7 гектар аянттан кара куурай чабылып, 2 тоннага жакын кара куурай өрттөлдү. Ал эми Аксы районунун аймагынан 1,5 тоннадан ашык кара куурай чабылып, өрттөө жолу менен жок кылынды”, – деп билдирген маалымат кызматтагылар.

Аталган профилактикалык иш-чарага милициядан сырткары айыл өкмөттөн, элдик кошуундан, жергиликтүү тургундардан жана чек аралаш жайгашкан аймактардын чек ара кызматынын жоокерлери да катышып, жеринде АКТлар түзүлдү. Мындай иш-чара облустун башка шаар, райондорунда дагы өткөрүлүүдө.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь