ИИМ Суу талаштан чыккан мушташ боюнча чагымчыл кабар таратпоого чакырды

216

Чүй облустук милициясы 10-июлда Воcточное айылында болгон мушташ боюнча социалдык тармактарда чагымчыл жалган маалымат тарап жатканын, мындай кабарларга ишенбөө керектигин билдирди.

Милиция ошондой эле жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыла турганын билдирди.

“Тартип коргоо органдары жарандарды социалдык тармактарда чагымчыл маалыматтарды таратпоого үндөп, эгер ушундай фактылар болсо, милицияга кабарлоону суранат”,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек,  Чүй районундагы Восточное айылында коңшулар суу талашып мушташа кеткен. Анын кесепетинен үч киши жаракат алып, бирөө ооруканага жаткырылган. Бул ишке шектүү катары эки киши кармалып, алардын бири ден соолугуна байланыштуу аймактык ооруканага жаткырылса, экинчиси Токмок шаарынын убактылуу тергөө абагына киргизилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь