Короодон качып кеткен кой 6 жылдан кийин ээсине кайтып келди

267

Көп жалдын бери малчылык менен алектенген Жаңы Зеландиялык фермердин Шрек аттуу койу короосунан 6 жыл мурда качып кетип жоголгон.

Маалыматтарга караганда, ал ээсинен качып жергиликтүү эбегейсиз чоң корукка кирип жашынган экен.

Койчулар койду таап алган кезде аны таанып билүүгө мүмкүн болгон эмес. Анын башы гана кылтыйып кичине көрүнгөнү болбосо, тулку бою калың жүн менен капталып калган.

Бул, койдун Мерино түрүнө киргендиктен, ал жылына 2 ирээт кыркылчу. Табылган койду кыркканда туура 27 килограмм жүн чыккан. Аны кыркып сулуулап койгондон кийин кадимки койлорго эле окшоп калган.

Таң калыштуусу ал 6 жыл бою эч кимин көзүнө урунган эмес. Бул сенсациялуу кабарды бардык телеканалдар чагылдырып, атактуу койду көрүүгө Жаңы Зеландиянын премьер-министри Хеленой Кларк өзү келген.

Шректин 27 килограмм жүнү аукционго коюлуп, андан түшкөн каражат балдар үчүн кайрымдуулук иштерине жумшалды. Койдун атактуулугу күн санап артып, азыр балдарга арналган китеп, журналдардын алдыңкы бетине чыгып жатат.

Бүгүнкү күндө көптөгөн атайын балдар үчүн уюштурулган кайрымдуулук иш- чараларынын ардактуу коногу болуп барууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь