“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын жетекчи орун басары Урматбек Жакыпбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен туугандык жайы бар экенин айтты.
Маалымат жыйында журналисттер ал кимдер менен жек-жаат экенин сурашкан. Башында Жакыпбеков бул суроо боюнча журналистке жеке жооп бер’ээрин айтып, баш тарткан. Бирок ЖМКнын өкүлдөрү ушул жерден жооп берүүсүн суранышкан.
“Буга чейин ал менин кайнатам экенин айтып келишкен. Чынында ал кайнатамдын агасы”,- деди.
Эске салсак, буга чейин Абылгазиевдин бир тууганы майлуу жерде иштейт деген маалыматты ЖКнын депутаты айтып чыкса, бир тууган бажасы “КТ Мобайл” ишканасынын чыры боюнча коомчулукка дайын болгон.
Булак: Спутник