Нарында турак-жайларды суу каптады

217

Нарын шаарында турак жайлардын короолорун сел каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма- сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, 10-июль күнү саат 15:00 чамасында кыска мөөнөттө мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен суулар арыка батпай ашып кеткен. Анын кесепетинен айрым көчөлөрдө арыктар жоктугуна байланышту Ак-Буудай тилкесинде жайгашкан  10 го жакын турак үйдүн короолорун суу каптап, ичтерин суу кирип кеткен.

Күтүүсүз кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн куткаруучулар тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууларды сордурушкан. Мындан сырткары жергиликтүү тургундардын арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүшкөн.

Ошондой эле, Нарын районунун аймагында жаандын кесепетинен кокту-колоттордон шагыл аралаш сел жүрүп, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 357-чакырымын бир тарабын жаап калган.  Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жерине тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

Булак: Турмуш

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь