Аркасы сынган абалда бир ай аюунун чээнинде кыймылсыз жаткан эркек киши табылды. Мындай ооз ачырган окуя Орусияда болду.
Токойго жалгыз ууга чыккан адамга жолдон аюу кол салып белин талкалап, эси ооп калган кезде үңкүргө сүйрөп кирип, башка тарп болуп жаткан өлгөн жаныбарларды үстүнө таштаган. Аюунун көзүнө урунуп, жем болуп калбаш үчүн бир ай бою эч кыймылсыз жаткандыктан, анын денеси чирий баштаган. Өлүп калбастын айласы кылып өзүнүн заарасын өзү ичүүгө аргасыз болгон. Кудай жалгап, бир айдан соң аңчылардын тобу ээрчите чыккан иттердин жардамы менен табылып калган. Иттер ошол үңкүрдүн жанына келген кезде тынбай улуп, үрө беришкен.
Александр – мумияга окшоп калган. Адамдын бир ай бою өз заарасын ичип тирүү калганына таң калып жатышат. Бирок катуу алган физикалык жана психологиялык соккудан улам бул киши өзүнүн атынан башканы билбей жатыптыр. Азыр кичине көзүн ачып колдорун биртке кыймылдатууга гана дарманы жеткенин Орусянын жергиликтүү ММКлары жазып чыгышты.