Бул сурөттөгү 22 килограмм салмактагы этти америкалык айымдын аналык безине (яичник) жармашып өсүп чыккан.
Американын Алабамада шатытынын 30 жаштагы тургуну Кейла Рана соңку айларда ичи ооруп, көңүлү айнып жатканын байкаган. Арыктоонун ар кандай ыкмаларын колдонгонуна карабастан ал өтө тездик менен семире баштаган. Үйдөн чыгып 5 метр басканда дем жетишпей кыйнала баштайт. Ооруканага барганда дарыгерлер алгач арыкташ керек экенин айтып жолго салышкан. Кийин жан кейиткен ооруга чыдай албай калганда гана киста эбегейсиз өсүп жатканын аныкташкан.
Киста ушул абалда бир канча ай турса, буттарга кан айланууну кечеңдетип, шишик пайда кылат. Табарсыкты басып жаткандыктан мезгилсиз заара ушатууга, жана ичегилердин бузулушуна алып келип дем алууну начарлатат. Акырындык менен бөйрөктүн өнөкөт айыккыс оорусуна чалдыктырат.
Кызыгы, Индиянын Кашмир штатында дагы 18 жашар кыздын жатынынан дал ушундай 22 килограмм салмактагы кистаны алышкан. Хирургдун айтымында мындай киста 5-6 ай аралыгында ушундай өлчөмгө жеткен. Андыктан айымдар бир жылда бир дарыгерге көрүнүп турууну унутпаңыздар!