Баланын денесин өрттөө алдында энеси тирүү экенин байкап калды

170

Индиянын Телингана штатынын Пиллаламарри айылында дарыгерлер өлдү деп эсептеген 18 жаштагы бала тирилип кетти.

Гэндэм Кирандын 26-июнь күнү дене табы көтөрүлүп, куса баштаган. Дарыгерлер ага гепатиттин оор түрү деген диагноз коюшкан. Эки күндөн кийин абала начарлап, дарыгерлердин кеңеши менен жеке ооруканага алмаштырылат.

Индиялык жигит комага түшүп, 3-июль күнү дарыгерлер жигиттин мээси өлүп калганын, жашоо мүмкүндүгү жок экенин айтышат.

Ата-энеси Киранды жасалма дем алуу аппаратынан алып, үйүнө алып келишет. Өлүктү өрттөөгө даярданып жатканда энеси баласынын көзүнөн агып жаткан жашты байкайт. Ал дароо дарыгерди чакырат. Келген дарыгер аны текшерип, кийин жүрөгү сого баштаганын айтат. Жеткинчекти кайра ооруканага жаткырышып, 3 күндөн кийин бейтап комадан ойгонуп, ал тургай сүйлөй баштайт. 7-июль күнү аны ооруканадан чыгарышат. Азыр үйүндө дарыланып жатат.

Булак: Медиаплов

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь