Зеленский биринчи жолу Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

151

Орусия президенти Владимир Путин биринчи жолу Украина президенти Владимир Зеленский менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда мамлекет башчылары Украинанын чыгышындагы абал жана туткундарды алмашуу маселесин талкуулашты.

Президенттер “Норманд форматында” сүйлөшүүлөрдү өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу да кеп козгошту. Буга чейин Орусия президенти “Норманд төрттүгүнө” мүчө өлкө башчыларынын жаңы жолугушуусун Украинанын Жогорку радасындагы шайлоодон кийин уюштуруу керек экенин айткан. Путин сүйлөшүү форматын кеңейтүүгө каршы болгон эмес.

Донбасстагы абал буга чейин “Норманд форматынын” алкагында Франция, Германия, Украина жана Орусия лидерлери тарабынан талкууланган. Зеленский Минскте жаңы сүйлөшүүлөрдү уюштурууну жана бул тизмеге АКШны кошууну сунуштаган.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров бул сунуш каралаарын, бирок “Зеленский маселени Фейсбук эмес, алгач дипломатиялык каналдар аркылуу талкууласа туура болмок экен” деп билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь