Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин бүгүн Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
берилген маалыматтарга караганда, сапардын жүрүшүндө Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана Аскар Мамин баштаган делегациянын катышуусунда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-казак өкмөт аралык кеңешинин сегизинчи жыйыны, эки тараптуу кеңейтилген жана чакан курамдагы сүйлөшүүлөр өтмөкчү.
Анда эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, суу-энергетикалык, өндүрүш кооперациялары, маданий-гуманитардык тармактагы кызматташтыктар талкууланат.
Ошондой эле соода, инвестиция, өнөр жай, транспорт, маданият, туризм жана билим берүү багытындагы кызматташуунун болочогу каралат. Жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюла турганы кабарланды.