Сот түндө кыйкырган короздун кожоюнуна карата өкүм чыгарды

110

Швейцариянын Цюрих шаарынын соту түндө катуу кыйкырган короздун кожоюнуна өкүм чыгарды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматтарга караганда, буга чейин шаар тургундары гаражды тооккана кылып алган тургундун үстүнөн арыз жазышкан. Анткени ал жактагы короз түндө катуу кыйкырып, аймакта жашагандарга тынчтык бербей келген. Тургундар далил катары короздун кыйкырып жаткан маалын видеого тартып алышкан. Андан сырткары, канаттуу бир түндө 14төн 44кө чейин кыйкыра турганын санашып, сотко далил катары алып барышкан. Тооккананын жаман жыты да тургундардын тынчын алып жатканын айтышкан.

Ошентип шаардык сот короздун ээсин кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин тынчтыкты камсыз кылууга милдеттендирген. Эми короз аталган убакыт аралыгында караңгы жерге киргизиле турган болду. Бирок сот тооккананы түрттүрүү боюнча талапты канааттандырган эмес.

 

Булак: Спутник

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь