Бишкекте “тез жардам” унаасы менен Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа кагышты.
Окуя 12-июлда шаардын Шопоков-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Мерседес үлгүсүндөгү унаа жол чырак жашыл күйүп турган учурда өтүп бара жаткан. Ошол кезде эч кандай эскертүүчү үнү чыкпай, чырагы жанбай келе жаткан “тез жардам” унаасы Мерседести сүзгөн. Аталган кырсыктан жабыркагандар жок.