Урушка чакырган эркекке Шевченко жооп берди

215

UFC уюмунда эркектер арасында 2 салмак даражада чемпион болгон Генри Сехудо аялдар арасындагы жеңил салмактагы чемпион — ккыргыз кызы Валентина Шевченкого чакырык таштаган эле.

“44,9 килограммдан 65,8 килограммга чейинки салмактагылар менен мушташууга даярмын. Дагы эмне экенин билесиңерби? Эгерде Аманда Нуньес дагы кааласа мен даярмын. Валентина Шевченко, сени дагы чакырам. Мен туткундагыларды албайм! Мен алтын издөөчүмүн. Эгерде анын алтыны бар болсо, мен анын алтынын алгым келет”, – деди Сехудо “TMZ” басылмасына берген маегинде.

Мындай чакырыкка Кыргызстандык Валентина жооп кайтарып, социалдык түйүн аркылуу жарыялады.

“Менин алтынымды алууну каалайсыңбы, ишенимдүүбү? Ал абдан жакшы корголгон!” -деп жазды Шевченко.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь