Чүйдө жол кырсыгынан бир адам мерт кетти 

316

Чүй облусунун Токмок шаарына жакын жерден Volkswagen Golf автоунаасын айдап бара жаткан айдоочу жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ түнкү саат 01:00дөр чамасында катталган. Анда жашы болжол менен 40-45 жаштагы адам кырсык болгон жерден каза болгон.

Учурда маркумдун өздүгү такталып жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь