Ооган расмийлери 12-июлда Пачерагам районундагы үйлөнүү той учурунда жанкечти өзүн жардырып, кеминде беш киши набыт болгонун билдиришти. 40ка чамалуу киши жараат алган.
Нангархар провинциясынын губернаторунун пресс-катчысы Аттаулла Хогьяни жанкечтини 12 жаштагы өспүрүм болгон деп тактады.
Алдын ала маалыматка караганда экстремисттик «Талибан» кыймылы менен «Ислам мамлекети» тобуна каршы күрөшкөн топту жетектеген Малек Торду өлтүрүү үчүн чабуул коюлган. Азырынча анын тагдыры белгисиз.
Жардырууга эч бир топ жоопкерчилик ала элек. Бирок Нангархарда «Талибан» менен “Ислам мамлекетинин” жоочуларынын уюгу бар деп эсептелет.