Түрмөгө наша алып киргендер кармалды.

112

Чүйдүн Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына баңгизат алып кирүүгө аракет кылган киши кармалды. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматта Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү баңгизат ташыган деген шек менен кармалган жарады,  абактын аймагынан кармаган.

“Кишини текшере келгенде буюмдары менен кошо жети таңгакчанын ичинен күрөң түстөгү зат табылган. Нашаанын салмагы 3 килограмм 395 граммды түзгөн. Учурда экспертиза дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, жазык кодексинин 267-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) негизинде сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь