Кытайда орун алган “World’s Got Talent” сынагынын финалына Кыргыз өлкөсүнөн бийчи Атай Өмүрзаков жана анын бийчилер тобу катышышты. Бийчилер балдар үйүндөгү көрүнүштү бий аркылуу чагылдырышкан. Анда бала багып алуу үчүн келгендер жалаң ден соолугу чың балдарды тандап кетишет. Башкы ролдогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кыздын образын Адина Самыйбек кызы ачып берди. Кыргыз бийчилери көрсөткөн кыздын тагдыры көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок. Ал эми калыстардын мүчөлөрү ыйлап жиберген.
“Финалга биз көп убакыт даярдандык. Түнү кошуналарга уйку бербей, болгон күчүбүздү жумшадык. Ойлогон нерсенин баарын толук көрсөтө албай калганыбыз өкүндүрөт. Мунун да түрдүү себептери бар. Жасаган бардык ишибизге канааттандык”,- дейт Атай Өмүрзаков.
“World’s Got Talent” долбооруна 50 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан. Финал 2019-жылдын 11-июлунда Кытайдын Чанша шаарында болду. Сынакта кыргыз бийчилери жеңишке жетише албаганы менен калыстардын мактоосуна атыды.