Атамбаев ак көйнөкчөн аял менен вальс бийледи

316

Кечээ Алмазбек Атамбаевдин үйүндө тарапташтары чогулду, аларга арналып атайын дагы концерт коюлду. Бул тууралуу тарапташтары Фейсбук баракчасына сүрөт, видео жайгаштырышты.

Жарыяланган сүрөттөн Атамбаев үйүнүн алдында ак көйнөкчөн аял менен, ал эми жубайы Раиса Атамбаева башка бир жигит менен вальс бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, Атамбаевдин тарапташтары аны колдоо үчүн мурунку президенттин Кой-Таштагы үйүнө “Элдик штаб” ачышып, чогулуп турушат.

Эске салсак, ЖКнын депутаттары Атамбаевдин кол тийбестигин алып салышкан.

Ал эми ИИМ А. Атамбаевди суракка чакырышып, бирок ал бир эмес эки жолу суракка баруудан баш тарткан.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь