“Коопсуз шаардын” камерасын сүзүп, качып кеткен жаран кармалды (видео)

99

Бишкектин жанынан Ford Sierra үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу “Коопсуз шаардын” көчмө камерасын коюп, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылды. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя 12-июлда саат 10:00дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунун 26-чакырымында болгон. Интернетте окуянын видеосу тарады, аны жеке компаниясынын оператору тартып алган.

Тасмада эркек киши машинага шашып отуруп, зуулдаган боюнча кеткенин көрүүгө болот. Оператор автоунаанын арткы мамлекеттик номерин жулуп алууга үлгүргөн. Кийинки видеодо айдоочунун кармалганын көрүүгө болот.

Чүй облустук ЖКККБнын кызматкерлери изи сууй электе Аламүдүн айылынын 30 жаштагы айдоочусун кармашты. “Ал мас болгон, андан сырткары айдоочулук күбөлүгү жана башка тийиштүү документтери болгон эмес”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда унаа айып короого токтотулуп, кармалгандарга карата протокол түзүлдү. Чогултулган бардык материалдар Ысык-Ата РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди.

 

تم النشر بواسطة ‏‎Али Жээнбеков‎‏ في الأحد، ١٤ يوليو ٢٠١٩

 

تم النشر بواسطة ‏‎Али Жээнбеков‎‏ في الأحد، ١٤ يوليو ٢٠١٩

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь