Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна кулаган Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси табылды. Анын жансыз денесин бүгүн саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынын төмөн тарабынан табышкан.  Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, аны издөөгө жалпы 99 куткаруучу тартылып, жыйынтыгында  жансыз денесин Жумгалдагы Маринка тилкесине жакын жерден табышкан. Андан кийин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Буга чейин Молдакун Абдылдаевдин, анын жээн небересинин, жубайынын жана айдоочунун денеси табылган.

30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

Молдакун Абдылдаевдин жубайы -1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору.

Молдакун Абдылдаевдин уулу -1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси- 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

–Айдоочу – 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев (эч кандай туугандыгы жок, бирок  фамилиясы окшош болгон)

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: