Нарында жер титирөө катталды

142

Нарын облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка караганда, 14-июлда саат 08:36да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер силкинүү катталган. Жер титирөө Кочкор районунун Эпкин, Туз, Ак-Чий, Чолпон айылдарында – 3 балл, Кум-Дөбө, Комсомол, Көк-Жар айылдарында – 2,5 балга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь