Ошто күзөтчүлөр менен балдар мушташып кетти (видео)

833

Ош шаарында “Келечек” соода түйүнүнүн алдында күзөтчүлөр менен мушташкан балдар атайын коюлган видокөзөмөлгө түшүп калган. 

Кадрдан ак футболка кийген бала бир күзөтчү менен урушуп жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй дагы эки күзөтчү келип кармашып, мушташа кетишкен. Массалык мушташтын арасында кыздар дагы жүргөн.  Алар күзөтчүлөргө кол көтөрүп, бири соода түйүндү кайтарган адамдын колундагы рацияны жерге ыргытып жиберген.

Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы күзөтчүнү сабады деген шек менен 24 жаштагы жигит кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, шектүүнү колго түшүрүүгө шаардык милициянын ыкчам кызматкерлери жана атайын даярдыктагы отряды тартылган.

“Кылмышка шектелип жаткандардын бири 13-июль күнү Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн кармалды. Ал шериги менен 2019-жылдын 11-июлуна караган түнү саат 01:00дөр чамасында Ош шаарындагы соода түйүндөрдүн биринде күзөтчүнү себепсиз сабаган. Ошондой эле анын рациясын талкалашкан”, — деп жазылат маалыматта. .

Кармалган адам 24 жашта. Буга чейин ал кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар менен жакын мамиле түзүп, соттолуп чыккандыгы маалым болду.

Буга чейин соцтармакта атайын даярдыктагы отряддын эки кызматкери унаада отурган жигитти колундагы куралы менен уруп жаткан видео тараган болчу.

Күзөтчүгө кол көтөргөн факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки тергөө иштери жүрүүдө. Азыркы тапта анын шеригин кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатат.

 

Булак: Спутник

Комментарии

  1. Thanks for another magnificent article. The place else may just anybody get that kind of info in such a perfect way
    of writing? I’ve a presentation subsequent week, and I
    am at the search for such information.

    Feel free to surf to my web blog: cheap flights

  2. What i do not understood is actually how you
    are now not actually a lot more well-appreciated than you might
    be now. You’re so intelligent. You know therefore significantly in relation to this subject, produced me for
    my part consider it from so many various angles. Its like women and men don’t seem to be fascinated unless it is one thing to do with Woman gaga!
    Your own stuffs great. At all times deal with it up!

    My web page; cheap flights

  3. With havin so much content do you ever run into any issues of plagorism or copyright infringement?
    My site has a lot of exclusive content I’ve either written myself
    or outsourced but it looks like a lot of it is popping it up all over the internet without my agreement.
    Do you know any solutions to help protect against content from being stolen? I’d definitely appreciate it.

    Here is my site … hosting services

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь