Коомдук ишмерлердин тобу таң калыштуу сунуш менен Казакстандын бийлигине кайрылышты. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, “сойкулукту социалдык кемчилик катары жоюп салуу мүмкүн эместигине байланыштуу коомдук ишмерлердин тобу бул маселеге көз карашты кардиналдуу түрдө өзгөртүүнү сунуштайт. Казакстандын парламентинин дарегине сойкулукту спортко теңөө тууралуу сунуш жөнөтүлдү”,-деп айтылат.
Идеянын авторлору дүйнөлүк практикада болбогон мындай кадам көйгөйгө жетишерлик көңүл буруп жана маселени биротоло чечүүгө көмөк берет деп ишенишүүдө.
“Миңдеген жылдар бою дүйнө бул маселени чече албай келет. Анын себеби туура эмес көз караш жана туура эмес ыкмага байланыштуу болууда. Биз принципиалдуу түрдө ыкмабызды өзгөртүүбүз керек. Сойкулук мисалы кесипкөй бокстан эч кандай кем эмес. Сойкуларды жазалабай алар үчүн атайын чемпионат өткөрүш керек”,-деп айтылат маалыматтарда.
Булак: Барометр