Сомалидеги кол салуудан 26 адам көз жумду

103

Сомалидеги Кисмайо шаарында мейманканага кол салуудан кеминде 26 адам көз жумду.

Айрым маалымат каражаттардын жазгандарына караганда, каза болгондордун арасында Канадада жашаган теги сомалилик белгилүү журналист Нодан Налаех, анын күйөөсү жана эки АКШ жараны бар.

Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү «Аш-Шабаб» террорчул тобу алды. Террорчул топ тараткан билдирүүдө кол салуу өлкөнүн өкмөтүнүн мүчөлөрүнө, депутаттарга багытталганы айтылат.

Террорчулар алгач мейманкананын кире беришине жанкечти айдаган автоунааны жардырып, андан соң чабуулга өтүшкөн.

Кисмайо Сомалинин борбору Могадишодон 500 чакырым түштүктө жайгашкан. Буга чейин террорчулар байыр алган калаа катары белгилүү болчу. Бирок 2012-жылы өкмөттүк күчтөр аны өз көзөмөлүнө алган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь