Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы көпчүлүк аймагы чек арада жайгашкандыктан мал уурулук фактылары көп катталууда. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, район аймагында катталып, бети ачылбай турган мал уурулук фактыларынын бетин ачуу максатында, тергөө кызматы тарабынан атайын тапшырмалар берилип, түнкү күзөттөрдү жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнүн натыйжасында мал уурулукка шектүү катары Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну 1996-жылы туурган М.Б. аттуу жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, шектүү шериктери менен бирге бир топ кылмыштарды жасашкандыгы аныкталган. Тактап айтканда, Аксы районунун аймагындагы 16 факт мал уурулуктун бети ачылган. Жалпы – 44 баш уй жана 16 баш жылкы уурдашып, мал ээлерин – 2 140 000 сомдук материалдык зыянга учураткан.
Атайын иликтөөнүн алкагында – 4 баш уй жана 4 баш жылкы өз ээлерине кайтарылды. 2019-жылдын алты айында Жалал-Абад обусунун аймагында жалпы 118 мал уурулук фактылары болуп, анын ичинен 103 кылмыштын бети ачылган. Облустун аймагында баары болуп 246 баш мал уурдалып, 94 баш мал ээлерине кайтарылып берилген.