Ноокат районунун аймагында сууга кулаган унаада жалпы 4 адам бара жаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура суусуна «ВАЗ-21099» үлгүсүндөгү унаа кулап кеткендиги тууралуу маалымат түштү. Унаада 3 эркек киши, 1 аял болгон.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жалпы 19 куткаруучу чыгып, 14-июлда саат 19:50 чамасында эркек кишинин жансыз денеси табылды. Караңгыга байланыштуу саат 21:40 чамасында издөө иштери убактылуу токтотулган. Бүгүн издөө иштери улантылып жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: