Ала-Арча суусуна түшүп кеткен баланын сөөгү табылды

213

Ала-Арча суусунан 1994-жылы туулган эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске садсак, кечээ Аламүдүн районун Байтик айылындагы Ала-Арча суусуна 1994-жылы туулган бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Бүгүн издөө иштерин улантуу үчүн саат 08:00дө Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 20 куткаруучу тартылып, саат 11:46да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь