Бүгүн Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканова менен уулу Илимбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркумдарды жерге берүүгө катышып келген саясий серепчи Алмазбек Акматалиев өзүнүнфейсбуктагы баракчасына азыркы кырдаал оюн боюнча жазды.
Анда серепчи Өкмөтун Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев кырсыктан үй-бүлөсү менен дүйнөдөн кайткандарын катуу кайгыруу менен эскерип, кыздарына оор болуп жатканын жазды.
Ошондой эле, “убагында Молдакун Абдылдаев Алмазбек Атамбаевди колдоп, бирге көп жыл иштешкенин жазды.Ал эми учурда Атамбаев Абдылдаевдин жакындарына көңүл айткандын ордуна бийлеп жүрөт” -деди.
“Бүгүн Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатинди, уулу Илимбекти акыркы сапарга узатып келдик..
Ошентип досубузду бүт үй бүлөөсү менен бир заматта жоготуп, ичибиз ачышып турганда көп ой келет экен..
Маркумдун бүт үй бүлөөсүн акыркы сапарга узатканда көрсөткөн адамкерчилиги үчүн республика жетекчилигине, Президенттин , Жогорку Кеңештин Аппараттарына чоң ыраазычылык билдиришти маркумдун туугандары.
Экинчиден, өзгөчө ыраазычылыкты Чүй облустук админстрациясына, Аламедин районунун акимчилигине билдиребиз, булар чын ниетинен өзүлөрүнүн коллегасын акыркы сапарга узаткандагы түйшүктүн баарын тең көтөрүп беришти.
Үчүнчүдөн, МЧС Министрлигине чоң раxмат, кырсыка учураган 5 сөөқтү тең күнү түнү издеп, аларды Көкөмөрөндөн таап, сөөк ээлерине тапшырып беришти.
Төртүнчүдөн, Суусамырдын тургундарына чоң раxмат. Досубуздун үй бүлөөсүн издеген ондогон туугандарын, досторун, жакындарын 15 күндөн бери үйлөрүнө жаткырып, тамак ашын берип, кайгысын тең бөлүшкөндүгүн жакындары эч качан унутпайт!
Молдакун Абдылдаев Президент Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу Өкүлү катары 4 жыл чын ниети менен иштеп берди эле! Тилекке каршы ушул күндөрү, Молдакун Абдылдаевдин үй бүлөөсүнө эбегейсиз кыйын күндөр түшүп турганда кыздары да, жакындары да Атамбаевдин өзүнөн да, ага тиешелүү Апрель телеканалынан дагы, Атамбаевдин пресс службасынан дагы бир жылуу сөз , бир эскерүү, бир кайгырууну бөлүшүү сөзүн укпаганы өкүндүрбөй койбойт…
Бул маселени алардын абийрине коелу.. МЧС сөөктөрдү издеп жүргөндө, жетим калган кыздары кан жутуп отурганда, Молдакундун мурунку шефи Кой Таштагы үйүндө концерт коюп, кучакташып, вальс тееп жүрүштү.. 4 жыл бою ошол Атамбаевдин саясатын Жогорку Кеңеште жаман жакшы көрүнүп ашырып жүргөн Молдакунду Кой Таштагы үй бүлөө эстеп да койгон жок, тилекке каршы…
Кош эми, Молдакун дос! Бүт үй бүлөөңдү жаныңа чогултуп алдың! Бейштен насип кылсын Жараткан!”-деп билдирүү калтырды Акматалиев.
Good info. Lucky me I reach on your website by accident, I bookmarked it. Web Site Hit Arttırma | Organik Hit Programı | Organik Hit – Yüksek Hit Aktif Hit Kullanıcı Yola Organik Hit