Бектур Асанов саясатчы: “Жээнбековду “Ата Мекен” колдоп, кубаттап жатат”

219

2016-жылы Текебаев баштаган “Ата Мекен” ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге каршы чыгып, оппозицияга өткөн. 2017-жылы Сооронбай Жээнбеков президенттикке шайлангандан бери партия ага каршы позициясын көрсөтө элек. Учурда “Ата Мекен” фракциясы “Өнүгүү-Прогресс” менен парламенттеги оппозициялык блокко кирет. Ал эми КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Бир Бол” жана “Кыргызстан” фракциялары коалициялык көпчүлүктү түзөт.

Бул боюнча саясатчы Бектур Асанов төмөндөгүдөй пикирин билдирген.

“Алмамбет Шыкмаматов “биз оппозицияда жүрөбүз” деп айтып келет, бирок “Ата Мекен” акыркы президенттик шайлоодон тарта бүгүнкү күнгө чейин бийликти колдоп келген партия. Менин билгеним боюнча, бул партия бүгүнкү бийликти кубаттап, колдоп келе жаткан партиялардын бири. Оппозиция бийликтин кемчиликтерин ачык айтат, талаш-тартышка чыгат, шайлоолордо бийликти ачык сындайт. Бирок мындай нерселер “Ата Мекен” тарабынан болгон жок, алар жалаң гана бийликти колдогон аракеттерин көрсөтүүдө. Бул партия Өмүрбек Текебаевге тиешелүү болгон айрым учурларда гана “соттор жакшы иштебей жатат” деп эле сындабаса, аны оппозиция деп айтууга болбойт”, – дейт Асанов.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь