Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кортежи жаш балдарды алып бара жаткан автобустар колоннасы менен кагышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, аталган өлкөнүн мамлекеттик күзөт кызматы билдиргендей, кечээ Volkswagen Transporter үлгүсүндөгү кичи автобус Киевке бара жатканда жол кырсыгына учураган. Бирок ал учурда кортежде Зеленский жок болгон.
Бул окуядан жабыркаганадар жок.