Кашмирде 30га жакын адамды суу алып кетти

163

Кашмирдин Пакистан башкарган аймагында болгон ташкындан кеминде 24 киши көз жумганы кабарланууда.

Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын өкүлү Саидрахман Куреши кеминде 24 кишини сел алып кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирди. Ошондой эле баштапкы маалыматтарда беш киши ар кыл жаракат алганы айтылат.

Саидрахман Курешинин сөзүнө караганда, 15-июлда Нилам өрөөнүн күтүүсүздөн сел каптап, 100дөй үй жаракат чыкты.

Учурда экиге бөлүнүп турган Кашмирге Индия менен Пакистан көзөмөлдүк кылат.

Алар Британиянын үстөмдүгү аяктаган 1947-жылдан бери мусулмандар басымдуулук кылган Кашмир аймагын талашып келатышат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь