Бүгүн Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканова менен уулу Илимбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Жайыл районунун аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна аккан Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси 14-июлда табылган болчу. Денени саат 11:10 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 7-8 км төмөн тараптан табышканы маалым болгон.
30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.