Орусиянын Красноярск шаарында 18 жаштагы кыргызстандык жигит сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Орусиялык басылмалар жазды.

Маалыматтарга караганда, окуя Красноярскка жумуш боюнча барган кыргызстандык жигиттер эс алып жатканда болгон.

“Эс алуучулардын бири — 18 жаштагы жигит дарыядан сүзүп өтүүгө аракет жасап, бирок аны суу агызып кеткен. Достору ага жардам бере албай, куткаруучуларга кайрылышкан”, – деп жазылат маалыматта.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшкөн. Кийинчерээк аларга жаш жигиттин денеси жээкке чыгып, аны эс алуучулар тапканы тууралуу маалымат түшкөн.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: