Ысык-Ата районуна караштуу Милянфан айылындагы мечиттен кайрымдуулук үкөгүндөгү акча уурдалган. Учурда эки шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул окуя 10-июлда болгон. Бирок, канча акча уурдалганы айтылган эмес.
Иликтөөнүн жыйынтыгында шектүү катары 21 жана 23 жаштагы жарандар кармалды.
Аталган факты боюнча шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.