Бишкектин Ленин районунун Чоң-Арык айылындагы жардан кулап кеткен 18 жаштагы жигит ооруканада каза болду. Окуя кечээ, 14-июлда болгонун ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Төрт эркек адам Чоң-Арык айылына эс алууга барып, тоого чыгууну чечишкен. Бирок алардын экөө жардан кулап кеткен. Ал эми ӨКМдин куткаруу кызматына окуя тууралуу билдирүү 15-июлга караган түнү саат 02:00 чамасында келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган куткаруучулардын тобу жабырлануучуларга жардам көрсөтүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай 2001-жылы туулган жигит көз жумду.