Ноокат районундагы Ош – Папан – Кожокелең жолунда кырсыктап Ак-Буурага түшүп кеткен автоунаанын жүргүнчүсү — аялдын сөөгү табылды. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 14-июлда Ош облусунун Ноокат районунда Ош – Папан – Кожокелең жолунда автоунаа Ак-Буура дарыясына ичиндеги төрт адамы менен кошо түшүп кеткен. Ошол эле күнү кечинде 56 жаштагы кишинин, ал эми эртеси таңда 73 жаштагы адамдын сөөгү табылган.

“Саат 19:00 чамасында 59 жаштагы Р.И. аттуу аялдын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, — деп жазылган маалыматта. ӨКМдин куткаруучулары бүгүн дагы бир адамды издешерин билдирди. Кыргызстанда быйылкы жайда суу адамдын өмүрүн алган учурлар, тилекке каршы, көп катталууда. Кечээ Бишкектен алыс эмес жерде, Ала-Арча дарыясына түшүп кеткен жигиттин сөөгү табылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: