Аттракцион жерге кулап түштү (видео)

107

Индиянын батыш тарабындагы көңүл ачуучу парктардын биринде аттракцион кулаган учур видеого түшүп калган.

Чет элдик басылмасынын маалыматы боюнча, окуя Гуджарат штатындагы Ахмедабад шаарында болгон.

Тасмадан көрүнүп тургандай, термелип турган аттракцион иштен чыгып, ичиндеги адамдар кулап түшкөн. Натыйжада кырсыктан эки киши каза таап, 27 адам ар кандай жаракат алганы айтылат.

Ал эми полиция окуянын чоо-жайын териштирип жатканы кошумчаланган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь